География:КУРГАКТӨР МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Кыргыз Алатоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Чуңкурчак өрөөнүнүн төрүндө жайгашкан. Уз. 6,8 км, аянты 3,2 км2.

Мөңгүнүн башы 4520 м, этеги 3600 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3870 м. Мөңгүнүн бети (20%ке чейин) морена м-н («тили» 1,5 кмге чейин) капталган. Кийинки мезгилде тартылып баратканы байкалат. Мөңгүдөн Чуңкурчактын оң куймасы – Кургактөр суусу башталат.