География:КУРГАКТӨР МӨҢГҮСҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КУРГАКТӨР МӨҢГҮСҮ — Кыргыз Алатоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Чуңкурчак өрөөнүнүн төрүндө жайгашкан. Уз. 6,8 км, аянты 3,2 км2. Мөңгүнүн башы 4520 м, этеги 3600 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3870 м. Мөңгүнүн бети (20%ке чейин) морена м-н («тили» 1,5 кмге чейин) капталган. Кийинки мезгилде тартылып баратканы байкалат. Мөңгүдөн Чуңкурчактын оң куймасы – Кургактөр суусу башталат.