География:КИШЕМИШ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Түркстан кырка тоосунун түн. капталында, Кишемиш суусунун алабында жайгашкан. Уз. 9,6 км, аянты 5,8 км2. Башы деңиз деңг. 5020 м, этеги 3120 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3726 м. Абляция облусунун аянты 3,0 км2. Түркстан тибиндеги өрөөн мөңгүлөрүнө кирет. Кийинки мезгилде мөңгү чегинип жаткандыгы байкалат.

Андан Исфаранын оң курамы–Кишемиш суусу башталат.