География:КИШЕМИШ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИШЕМИШ МӨҢГҮСҮ Түркстан кырка тоосунун түн. капталында, Кишемиш суусунун алабында жайгашкан. Уз. 9,6 км, аянты 5,8 км2. Башы деңиз деңг. 5020 м, этеги 3120 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3726 м. Абляция облусунун аянты 3,0 км2. Түркстан тибиндеги өрөөн мөңгүлөрүнө кирет. Кийинки мезгилде мөңгү чегинип жаткандыгы байкалат. Андан Исфаранын оң курамы–Кишемиш суусу башталат.