География:ИТТИШ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Тескей Алатоонун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү.

Уз. 3,9 км, аянты 3,1 км2. Ысыккөлдүн куймасы Жууку суусунун алабынан орун алган. Бети тегиз келип, бир аз жантайыңкы. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4810 м, этеги 3600 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3840 м. Абляция облусунун аянты 1,4 км2. Мөңгүдөн Жууку суусунун оң куймасы – Иттиш суусу башталат.