География:ИТТИШ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИТТИШ МӨҢГҮСҮ — Тескей Алатоонун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 3,9 км, аянты 3,1 км2. Ысыккөлдүн куймасы Жууку суусунун алабынан орун алган. Бети тегиз келип, бир аз жантайыңкы. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4810 м, этеги 3600 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3840 м. Абляция облусунун аянты 1,4 км2. Мөңгүдөн Жууку суусунун оң куймасы – Иттиш суусу башталат.