География:ЖАМАНЕЧКИ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Жетим кырка тоосу м-н Жетимбел тоосунун кошулган жериндеги өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 3,2 км, аянты 4,0 км2. Нарын д-нын жогорку агымы – Тарагайдын (Нарын д-нын башы) алабынан орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4520 м, этеги 3800 м бийиктикте жайгашкан. Мөңгүдөн Тарагайдын оң куймасы Жаманечки суусу башталат.