География:ЖАМАНЕЧКИ МӨҢГҮСҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАМАНЕЧКИ МӨҢГҮСҮ – Жетим кырка тоосу м-н Жетимбел тоосунун кошулган жериндеги өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 3,2 км, аянты 4,0 км2. Нарын д-нын жогорку агымы – Тарагайдын (Нарын д-нын башы) алабынан орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4520 м, этеги 3800 м бийиктикте жайгашкан. Мөңгүдөн Тарагайдын оң куймасы Жаманечки суусу башталат.