География:АКТӨӨ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Кичи Алай кырка тоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 6,0 км, аянты 3,5 км2, көлөмү 0,24 км3. Кыргызата суусунун сол куймасы – Чилисайдын алабында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4900 м, этеги 3850 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4250 м. Абляция облусунун аянты 1,8 км2.

Мөңгү тартылууда. Андан Актөө суусу башталып, Кыргызата суусунун сол куймасы Чилисайга оң жактан куят.