География:АКТӨӨ МӨҢГҮСҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
АКТӨӨ МӨҢГҮСҮ – Кичи Алай кырка тоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 6,0 км, аянты 3,5 км2, көлөмү 0,24 км3. Кыргызата суусунун сол куймасы – Чилисайдын алабында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4900 м, этеги 3850 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4250 м. Абляция облусунун аянты 1,8 км2. Мөңгү тартылууда. Андан Актөө суусу башталып, Кыргызата суусунун сол куймасы Чилисайга оң жактан куят.