География:КАШКАСУУ ЧОКУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Арпанын Алатоосунун эң бийик жери. Тоонун ортоңку бөлүгүндөгү түндүктү көздөй кеткен тармагында жайгашкан. Бийикт. 4678 м. Батыш капталы тик, аскалуу, жылаңач, калган бөлүктөрү мөңгүлүү. Негизинен карбондун акиташ теги, доломит, катмарлуу кремний, сланец, кумдук, бир аз гипстен турат. Ашууга жакын Жамандаван суусу башталат.