География:КАШКАСУУ ЧОКУСУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАШКАСУУ ЧОКУСУ — Арпанын Алатоосунун эң бийик жери. Тоонун ортоңку бөлүгүндөгү түндүктү көздөй кеткен тармагында жайгашкан. Бийикт. 4678 м. Батыш капталы тик, аскалуу, жылаңач, калган бөлүктөрү мөңгүлүү. Негизинен карбондун акиташ теги, доломит, катмарлуу кремний, сланец, кумдук, бир аз гипстен турат. Ашууга жакын Жамандаван суусу башталат.