География:ОРГОЧОР ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(моңг. оргочор – бөлөкбөлөк тоо, дөңсөө) Ысыккөл ойдуңунун түш.-чыгышында. Көл жээгиндеги адырлуу тоо. Эки бөлүктөн турат. Чоң О. т-нун уз.

12 км, туурасы 7 км, бийикт. 2062 м. Неоген мезгилинде пайда болгон жумуру таштуу тектерден турат. Чаптуу түн. капталы тик, жардуу, түштүгү жантайыңкы, кокту-колоттуу. Кичи О. т-нун уз. 5 км, туурасы 1,5 км, бийикт. 1751 м. Жапыз адырлуу. Чоң О. т-нун структуралык уландысы. Батышты көздөй жапыздайт. О. тоосунда талаа ж-а кургак талаа ландшафты басымдуу; айрым жерлеринде жарым чөлдүн фрагменттери бар. Жайыт катары пайдаланылат. Үстүндө ретрансляциялык телевизор мунарасы орнотулган.