География:ОРГОЧОР ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОРГОЧОР ТООСУ (моңг. оргочор – бөлөкбөлөк тоо, дөңсөө) Ысыккөл ойдуңунун түш.-чыгышында. Көл жээгиндеги адырлуу тоо. Эки бөлүктөн турат. Чоң О. т-нун уз. 12 км, туурасы 7 км, бийикт. 2062 м. Неоген мезгилинде пайда болгон жумуру таштуу тектерден турат. Чаптуу түн. капталы тик, жардуу, түштүгү жантайыңкы, кокту-колоттуу. Кичи О. т-нун уз. 5 км, туурасы 1,5 км, бийикт. 1751 м. Жапыз адырлуу. Чоң О. т-нун структуралык уландысы. Батышты көздөй жапыздайт. О. тоосунда талаа ж-а кургак талаа ландшафты басымдуу; айрым жерлеринде жарым чөлдүн фрагменттери бар. Жайыт катары пайдаланылат. Үстүндө ретрансляциялык телевизор мунарасы орнотулган.