НИКЕ КЫЮУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НИКЕ КЫЮУ - кыз менен жигиттин жубайлар катары баш кошуп, турмуш куруусун мыйзам­даштыруу жөрөлгөсү. Дүйнө элдеринин көпчүлү­гүндө диний мекемелерде диний кызматкерлер тарабынан ишке ашырылат. Ислам дини тара­ганга чейин кыргыздарда Н. к. төмөндөгүдөй жүргөн: 1) эки жактын макулдугу алынгандан кийин эки киши чырпыктын эки учунан кар­майт, ал эми үчүнчү киши аны кыя чабат; 2) баш кошуп жаткан жигит менен кыз манжала­рынын учун кесип, бири-биринин канын сору­шат; 3) баш кошуп жаткан жигит менен кыз ок тиштешет. Тиштин изи калган окту сактап жү­рүшкөн. Окту тиштегенде төмөндөгүдөй ант бе­ришкен: «Сен мени таштасаң, сени ок урсун. Мен сени таштасам, мени ок урсун». Ислам дини кеңири жайылгандан баштап, Н. к-ну дин кыз­маткерлери ишке ашыра баштаган.

О. Каратаев, С. Эралиев.