НИКЕ КЫЮУ
НИКЕ КЫЮУ - кыз менен жигиттин жубайлар катары баш кошуп, турмуш куруусун мыйзамдаштыруу жөрөлгөсү. Дүйнө элдеринин көпчүлүгүндө диний мекемелерде диний кызматкерлер тарабынан ишке ашырылат. Ислам дини тараганга чейин кыргыздарда Н. к. төмөндөгүдөй жүргөн: 1) эки жактын макулдугу алынгандан кийин эки киши чырпыктын эки учунан кармайт, ал эми үчүнчү киши аны кыя чабат; 2) баш кошуп жаткан жигит менен кыз манжаларынын учун кесип, бири-биринин канын сорушат; 3) баш кошуп жаткан жигит менен кыз ок тиштешет. Тиштин изи калган окту сактап жүрүшкөн. Окту тиштегенде төмөндөгүдөй ант беришкен: «Сен мени таштасаң, сени ок урсун. Мен сени таштасам, мени ок урсун». Ислам дини кеңири жайылгандан баштап, Н. к-ну дин кызматкерлери ишке ашыра баштаган.
О. Каратаев, С. Эралиев.