НИВХТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НИВХТЕР, нивхылар (эскиче гиляктар, өздөрүн «киши» деп аташат) - Россиядагы эл. Хабаров крайында (Амур д-нын төмөнкү агы­мынын алабында жана Сахалин а-нын түндүк бөлү­гүндө) жашашат. Саны 5800 киши (2012). Нивх жана орус тилдеринде сүйлөшөт. Н. - Сахалин ж. а-нда жана Амур д-нын алабында жашаган байыркы калктын тукумдары. Тунгус-манжур элдери, япондор жана айнылар менен кенири этно­стук-маданий байланышта болгон. Негизги ке­сиби - аңчылык жана балыкчылык. Үй айбанда­рынан ит багып, унаа катары пайдаланышкан.

Кышкысын жер төлөлөрдө, жайкысын жантай­ма чатырлуу, түркүктөргө сваяларга) салынган үйлөрдө күн кечирип, балык жана ит терисинен тигилген кийим кийишкен. Расмий түрдө пра­вославие дининде деп эсептелсе да, шамандык ырым-жырымдарга ишенишет, Тамак-ашы не­гизинен балыктан, дениз жана токой жаныбар­ларынын этинен, жер-жемиштерден даярдалат. СССР мезгилинде Н-де балык артелдери, ө. ж. ишканалары, маданий жана элге билим берүү ме­кемелери уюшулуп, ата кесиби менен бирге дый­канчылык жана мал чарбачылык өнүгүп,

улут­тук интеллигенциясы пайда болгон. 1932-ж. нивх жазмасы түзүлгөн.