НИВХТЕР
НИВХТЕР, нивхылар (эскиче гиляктар, өздөрүн «киши» деп аташат) - Россиядагы эл. Хабаров крайында (Амур д-нын төмөнкү агымынын алабында жана Сахалин а-нын түндүк бөлүгүндө) жашашат. Саны 5800 киши (2012). Нивх жана орус тилдеринде сүйлөшөт. Н. - Сахалин ж. а-нда жана Амур д-нын алабында жашаган байыркы калктын тукумдары. Тунгус-манжур элдери, япондор жана айнылар менен кенири этностук-маданий байланышта болгон. Негизги кесиби - аңчылык жана балыкчылык. Үй айбандарынан ит багып, унаа катары пайдаланышкан.

Кышкысын жер төлөлөрдө, жайкысын жантайма чатырлуу, түркүктөргө сваяларга) салынган үйлөрдө күн кечирип, балык жана ит терисинен тигилген кийим кийишкен. Расмий түрдө православие дининде деп эсептелсе да, шамандык ырым-жырымдарга ишенишет, Тамак-ашы негизинен балыктан, дениз жана токой жаныбарларынын этинен, жер-жемиштерден даярдалат. СССР мезгилинде Н-де балык артелдери, ө. ж. ишканалары, маданий жана элге билим берүү мекемелери уюшулуп, ата кесиби менен бирге дыйканчылык жана мал чарбачылык өнүгүп,
улуттук интеллигенциясы пайда болгон. 1932-ж. нивх жазмасы түзүлгөн.