НЕФТЬ СУУЛАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕФТЬ СУУЛАРЫ, нефть кендеринде­ги суулар - нефть менен бирге кездешүүчү жер

астындагы суулар. Орун алышы жана нефтилүү кабаттардын өз ара байланыштары боюнча төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт: ч е т к и (кендин астындагы), т ө м ө н к ү (кабаттын таманын­дагы), ү с т ү н к ү (кабаттын үстүндөгү), б а й­ланышкан суу (капиллярдуу түтүкчөлөрдөгү суулар), жасалма жол менен атайын жиберилген с у у­л а р (нефть казып алып жатканда басымын бир калыпта кармап туруу үчүн атайын кирги­зилген суулар). Четки жана төмөнкү суулар ион­дук курамы боюнча хлориддүү же гидрокарбонат­хлориддүү, кальций-натрийлүү же натрийлүү, аз сульфаттуу же сульфатсыз болот. Минералда­шуу даражасы боюнча туздуу, шордуу келет. Кура­мындагы газдарга карата метандуу, азот-метан­дуу болот. Айрым учурда четки жана төмөнкү суулар көп санда минералдашып, метан, бен­зол, аммоний сыяктуу газдардан турат. Н. с-н изилдөө нефть кендерин издөөдө, чалгындоодо, өндүрүп алууда зор мааниге ээ. Н. с. минерал­дык суу катары, ошондой эле йод, бром, бор, радий, барий, стронций ж. б. баалуу заттарды бөлүп алууда колдонулат.