НЕФТЬ СУУЛАРЫ
НЕФТЬ СУУЛАРЫ, нефть кендериндеги суулар - нефть менен бирге кездешүүчү жер
астындагы суулар. Орун алышы жана нефтилүү кабаттардын өз ара байланыштары боюнча төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт: ч е т к и (кендин астындагы), т ө м ө н к ү (кабаттын таманындагы), ү с т ү н к ү (кабаттын үстүндөгү), б а йланышкан суу (капиллярдуу түтүкчөлөрдөгү суулар), жасалма жол менен атайын жиберилген с у ул а р (нефть казып алып жатканда басымын бир калыпта кармап туруу үчүн атайын киргизилген суулар). Четки жана төмөнкү суулар иондук курамы боюнча хлориддүү же гидрокарбонатхлориддүү, кальций-натрийлүү же натрийлүү, аз сульфаттуу же сульфатсыз болот. Минералдашуу даражасы боюнча туздуу, шордуу келет. Курамындагы газдарга карата метандуу, азот-метандуу болот. Айрым учурда четки жана төмөнкү суулар көп санда минералдашып, метан, бензол, аммоний сыяктуу газдардан турат. Н. с-н изилдөө нефть кендерин издөөдө, чалгындоодо, өндүрүп алууда зор мааниге ээ. Н. с. минералдык суу катары, ошондой эле йод, бром, бор, радий, барий, стронций ж. б. баалуу заттарды бөлүп алууда колдонулат.