НЕПТУНИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕПТУНИЙ (латынча Neptunium), Ир - элемент­тердин мезгилдик системасынын III тобундагы химиялык элемент. Катар номери 93, атомдук массасы 237. Н-дин массалык сандары 228Мр - 241Мр болгон 14 изо­тобу белгилүү, алардын ичинен бир кыйла ту­руктуусу 237Мр. Н-ди 1934-ж. итал. физик Энри­ко Ферми нейтрондун уранга тийгизген тааси­ринен алган, бирок аныктоого мүмкүн болгон эмес. 1940-ж. америкалык физиктер Э. Макмиллан жана Ф. Эйбельсон ядролук реакциянын неги­зинде синтездеп, аны Нептун планетасынын атынан аташкан. Ал - күмүш түспөл, жумшак, оор металл. Балкып эрүү 1 1134°С; кайноо I 4200°С; бирикмелеринде +3, +4, +5, +6 жана +7 окис­тенүү даражаларын көрсөтөт. Н. галогендер менен кошулуп, жогорку окистенүү даражалары­на ээ, фторид, хлорид, бромид, йодиддерди пай­да кылат. Металл түрүндөгү тетрафторидин жо­горку температурада барий, кальций же натрий буу­су менен калыбына келтирүүдөн алынат: НрГ4+ +2Са=Мр+2СаЕ3. Ар кандай даражасындагы би­рикмелеринин суудагы эритмелери ар түрдүү түскө ээ: Мр3+ - кызгылт, Мр4+ - саргыч-жашыл, Мр6+ - көгүш, Мр6+ жана Мр7+ - жашыл. Суутек менен аракеттенип, гидриддерди ИрН3, МрН4 пай­да кылат.