НЕПТУНИЙ
НЕПТУНИЙ (латынча Neptunium), Ир - элементтердин мезгилдик системасынын III тобундагы химиялык элемент. Катар номери 93, атомдук массасы 237. Н-дин массалык сандары 228Мр - 241Мр болгон 14 изотобу белгилүү, алардын ичинен бир кыйла туруктуусу 237Мр. Н-ди 1934-ж. итал. физик Энрико Ферми нейтрондун уранга тийгизген таасиринен алган, бирок аныктоого мүмкүн болгон эмес. 1940-ж. америкалык физиктер Э. Макмиллан жана Ф. Эйбельсон ядролук реакциянын негизинде синтездеп, аны Нептун планетасынын атынан аташкан. Ал - күмүш түспөл, жумшак, оор металл. Балкып эрүү 1 1134°С; кайноо I 4200°С; бирикмелеринде +3, +4, +5, +6 жана +7 окистенүү даражаларын көрсөтөт. Н. галогендер менен кошулуп, жогорку окистенүү даражаларына ээ, фторид, хлорид, бромид, йодиддерди пайда кылат. Металл түрүндөгү тетрафторидин жогорку температурада барий, кальций же натрий буусу менен калыбына келтирүүдөн алынат: НрГ4+ +2Са=Мр+2СаЕ3. Ар кандай даражасындагы бирикмелеринин суудагы эритмелери ар түрдүү түскө ээ: Мр3+ - кызгылт, Мр4+ - саргыч-жашыл, Мр6+ - көгүш, Мр6+ жана Мр7+ - жашыл. Суутек менен аракеттенип, гидриддерди ИрН3, МрН4 пайда кылат.