НЕВАРЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕВАРЛАР - Непалдагы (Катманду өрөөнүндө) эл. Айрым топтору Индияда жашашат. Саны 910 миң киши, анын ичинде 900 миңи Непалда (2000). Н-дын бир бөлүгү кираттардын курамына ки­рет. Невар тилинде сүйлөшөт. Динге ишенген­дери индуисттер, буддисттер. Н-дын калыпта­нышына кираттар, таманг, ахирлер, личчхави, данувар, балами, пахарилер катышкан. Н. - ба­йыркы Непал калкынын тукумдары. Индия тарыхый булактары боюнча биздин замандын 1-к-нда Н-дын Непал деген аталыштагы мамлекети болгон. Н. 13-15-к-да улут болуп түзүлгөн. Н. бышкан кыштан салынган эки же төрт кабаттуу үйлөрдө жашап, дыйканчылык, мал чарбачылык (зебу, буйвол, эчки ж. б.) жана кол өнөрчүлүк менен кесиптенишкен. Эркектердин салттуу кийимдери негизинен непалдыктардын кийимдерине ок­шош. Аялдары жээктери сайма­ланган юбка (гу­нью), узун жендүү, жакалуу кофта кийип, жамынма жамынат. Тасма кошуп өрүлгөн бир өрүм чачына, кулактарына, колдоруна кооз­дуктарды тагыны­шат. Тамак-ашы - негизинен күрүч, кара буудай менен жүгөрүдөн даяр­далган нан, сүт азыктары жана жер-

жемиштер. Майрам күндөрү эттен даярдалган тамактар (уйдун этин жешпейт) колдонулат.