НЕВАРЛАР
НЕВАРЛАР - Непалдагы (Катманду өрөөнүндө) эл. Айрым топтору Индияда жашашат. Саны 910 миң киши, анын ичинде 900 миңи Непалда (2000). Н-дын бир бөлүгү кираттардын курамына кирет. Невар тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери индуисттер, буддисттер. Н-дын калыптанышына кираттар, таманг, ахирлер, личчхави, данувар, балами, пахарилер катышкан. Н. - байыркы Непал калкынын тукумдары. Индия тарыхый булактары боюнча биздин замандын 1-к-нда Н-дын Непал деген аталыштагы мамлекети болгон. Н. 13-15-к-да улут болуп түзүлгөн. Н. бышкан кыштан салынган эки же төрт кабаттуу үйлөрдө жашап, дыйканчылык, мал чарбачылык (зебу, буйвол, эчки ж. б.) жана кол өнөрчүлүк менен кесиптенишкен. Эркектердин салттуу кийимдери негизинен непалдыктардын кийимдерине окшош. Аялдары жээктери саймаланган юбка (гунью), узун жендүү, жакалуу кофта кийип, жамынма жамынат. Тасма кошуп өрүлгөн бир өрүм чачына, кулактарына, колдоруна кооздуктарды тагынышат. Тамак-ашы - негизинен күрүч, кара буудай менен жүгөрүдөн даярдалган нан, сүт азыктары жана жер-

жемиштер. Майрам күндөрү эттен даярдалган тамактар (уйдун этин жешпейт) колдонулат.