НАФТОЛДОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАФТОЛДОР, оксинафталиндер — нафталинден алынган бирикмелер; жалпы фор­муласы: С10Н8п(ОН)п- ОН-тобунун нафталин цик­линде кайсы көмүртек атомунда жайгашканды­гына жараша а-, &-нафтол. деп бөлүнөт жана бири-биринен физикалык касиеттери менен айырмала­нат: а-нафтол - саргыч түстөгү кристалл. Кай­ноо 1 1288°С, балкып эрүү I 196°С. Спиртте, эфирде, бензолдо, хлороформдо, ацетондо, жегичтин эритмесинде жакшы, ал эми сууда начар эрийт. а-нафтиламинди гидролиздөө реакциясынан алынат. Нафтолсульфок-таны, галогендүү жана нитронафтолдорду, азобоёкторду синтездөөдө колдонулат. Ъ-нафтолдун балкып эрүү I 1122°С, кай­ноо I 1295°С. Спирт, эфир, бензол, хлороформ жана ацетондо жакшы эрийт, сууда эрибейт. в­нафталинсульфок-таны жегич менен кошуп ысы­туудан алынат. Ө. ж-да, нафтолсульфок-талар­ды, антиоксиданттарды өндүрүүдө колдонулат. Терини, дем алуу органдарынын былжыр челин, көздү дүүлүктүрөт.