НАФТОЛДОР
НАФТОЛДОР, оксинафталиндер — нафталинден алынган бирикмелер; жалпы формуласы: С10Н8п(ОН)п- ОН-тобунун нафталин циклинде кайсы көмүртек атомунда жайгашкандыгына жараша а-, &-нафтол. деп бөлүнөт жана бири-биринен физикалык касиеттери менен айырмаланат: а-нафтол - саргыч түстөгү кристалл. Кайноо 1 1288°С, балкып эрүү I 196°С. Спиртте, эфирде, бензолдо, хлороформдо, ацетондо, жегичтин эритмесинде жакшы, ал эми сууда начар эрийт. а-нафтиламинди гидролиздөө реакциясынан алынат. Нафтолсульфок-таны, галогендүү жана нитронафтолдорду, азобоёкторду синтездөөдө колдонулат. Ъ-нафтолдун балкып эрүү I 1122°С, кайноо I 1295°С. Спирт, эфир, бензол, хлороформ жана ацетондо жакшы эрийт, сууда эрибейт. внафталинсульфок-таны жегич менен кошуп ысытуудан алынат. Ө. ж-да, нафтолсульфок-таларды, антиоксиданттарды өндүрүүдө колдонулат. Терини, дем алуу органдарынын былжыр челин, көздү дүүлүктүрөт.