НАРЫН (тамак)
НАРЫН - улуттук сый тамак, эт. Бышкан эт майда тууралып же куш тил, бөрү тил, жапырак, уй тил сымал бөртүлүп, үстүнө чык куюлат. Кесме кошулбайт. Н. илгертен эле казак, өзбек, моңгол ж. б. элдердин сый тамагы болгон. Н. жөнүндөгү маалыматтар («Манас» эпосунда: «туу байталдан сойдуруп, туурап нарын койдуруп» ж. б.) анын байыркы тамактардан экендигин айгинелейт. Кесме кошулган Н. бешбармак аталат, к. Вешбармак.