НАРЫН (тамак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАРЫН - улуттук сый тамак, эт. Бышкан эт майда тууралып же куш тил, бөрү тил, жапы­рак, уй тил сымал бөртүлүп, үстүнө чык кую­лат. Кесме кошулбайт. Н. илгертен эле казак, өзбек, моңгол ж. б. элдердин сый тамагы бол­гон. Н. жөнүндөгү маалыматтар («Манас» эпосун­да: «туу байталдан сойдуруп, туурап нарын кой­дуруп» ж. б.) анын байыркы тамактардан экен­дигин айгинелейт. Кесме кошулган Н. бешбар­мак аталат, к. Вешбармак.