НАРК ТҮРЛӨРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАРК ТҮРЛӨРҮ - товар-акча мамилелеринин өнүгүшүндө товар наркын туюнтуу формасы. Анын натуралдык, акчалай ж. б. түрү белгилүү. Алгачкы товар алмашуу мезгилинде нарктын жөнөкөй (натуралдык) түрү колдонулган. Мында кокусунан алынган эле товар эквивалент ката­ры жүргөн. Мал чарбасы дыйканчылыктан бө­лүнүп, алмашуу көбөйгөндө эквивалент катары бир нече товар колдонулган. Бул толук, кеңири нарк түрү болгон. Ал эми туруктуу товар алма­шуу мезгилинде нарктын жалпы түрү пайдала­нылып, бир эле товар жалпы эквивалент бол­гон. Алмашуу жергиликтүү рыноктун чегинен чыккан­да жалпы эквиваленттин милдетин алтын ат­карып, ал акчага айланган (акчалай нарк түрү).