НАРК ТҮРЛӨРҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
НАРК ТҮРЛӨРҮ - товар-акча мамилелеринин өнүгүшүндө товар наркын туюнтуу формасы. Анын натуралдык, акчалай ж. б. түрү белгилүү. Алгачкы товар алмашуу мезгилинде нарктын жөнөкөй (натуралдык) түрү колдонулган. Мында кокусунан алынган эле товар эквивалент катары жүргөн. Мал чарбасы дыйканчылыктан бөлүнүп, алмашуу көбөйгөндө эквивалент катары бир нече товар колдонулган. Бул толук, кеңири нарк түрү болгон. Ал эми туруктуу товар алмашуу мезгилинде нарктын жалпы түрү пайдаланылып, бир эле товар жалпы эквивалент болгон. Алмашуу жергиликтүү рыноктун чегинен чыкканда жалпы эквиваленттин милдетин алтын аткарып, ал акчага айланган (акчалай нарк түрү).