МЫРЗА-АКЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЫРЗА-АКЕ, Т а ш т а к - Ош обл-нун Өзгөн р-нундагы кыштак. Мырза-Аке айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 1060 м бийиктикте жай­гашкан. Райондун борбору Өзгөн ш-нан 12 км чыгыш тарапта, Кара-Суу т. ж. бекетинен 62 км. 1908-10-ж. негизделген. Калкы 13 992 (2009); не­гизинен дыйкан чарбаларында эмгектенип, мал багат. Үч орто мектеп, китепканалар, 2 клуб, оорукана, дарыкана ж. б. бар. Турмуш-тиричи­лик кызматынын бөлүмдөрү, соода жана тамак­тануу жайлары, базарчалар иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго мону­мент-эстелик тургузулган. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры. А. Мадымаров туулган.