МЫРЗА-АКЕ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МЫРЗА-АКЕ, Т а ш т а к - Ош обл-нун Өзгөн р-нундагы кыштак. Мырза-Аке айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 1060 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Өзгөн ш-нан 12 км чыгыш тарапта, Кара-Суу т. ж. бекетинен 62 км. 1908-10-ж. негизделген. Калкы 13 992 (2009); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенип, мал багат. Үч орто мектеп, китепканалар, 2 клуб, оорукана, дарыкана ж. б. бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода жана тамактануу жайлары, базарчалар иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго монумент-эстелик тургузулган. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры. А. Мадымаров туулган.