МӨМӨЧҮЛҮК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:30, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МӨМӨЧҮЛҮК -1) а. ч-нын мөмө өсүмдүгүн өс­түрүүчү тармагы; 2) мөмө-жемиш өсүмдүктө­рүнүн түзүлүшүн, өнүп-өсүү, көбөйүү, түшүм берүү ж. б. закон ченемдүүлүктөрүн үйрөтүүчү илим тармагы. М. байыртадан эле белгилүү. М. жөнүндөгү алгачкы маалыматтар Вавилон менен Ас­сириянын (биздин заманга чейинки 3000 жыл) жазма эстеликте­ринде берилген. КМШ өлкөлөрүнүн аймагында 2-5 миң жыл илгери эле Борб, Азия (Согдиана,

Фергана өрөөнү), Закавказье (Бактрия, Арме­ния) жана Крымда мөмө өсүмдүктөрү эгилген. Мөмө-жемиш өсүмдүктөрдүн ичинен уруктуу мөмө өсүмдүктөр (алма, алмурут, бий алма ж. б.) 71,3%, данектүү мөмө өсүмдүктөр (чие, кайна­лы, кызыл өрүк, гилас, шабдалы ж. б.) 22,6% , жаңгак мөмөлүү өсүмдүктөр (грек жаңгагы, ба­дам, мисте, фундук ж. б.) 2,5%, жер-жемиштер (кызылгат, дан куурай, барсылдак, карагат ж. б.) 2,9%, субтропик жана цитрус өсүмдүктөрү (анар, анжыр, курма, апельсин, мандарин, ли­мон ж. б.) 0,7%ти түзөт. Борбордук Азия менен Казак­стандын түштүк бөлүгүнө КМШ өлкөлөрүндөгү кургатылган мөмө-жемиштердин (айрыкча кы­зыл өрүк көп) 72% и туура келет. КМШ өлкөлө­рүндө чыгарылып, райондоштурулган мөмө-же­миш өсүмдүк сорттору: алманын Антоновка, Анис, Боровинка, Калвиль, Симиренко Ренети, Шафран пепини, Славянка ж. б.; алмурут сорт­тору - Уруксуз, Тонковетка, Ильинка ж. б.; чие сорттору - Владимир, Жуков, Люба, Гриот, Шу­бинка ж. б.; гиластар - Апрелька, Валерий Чкалов, Дрогана, Жабуле ж. б.; кайналылар - Венгр, Анна Шпет, Альтан Ренклоду, Мирабель ж. б.; кызыл өрүктөр - кызыл бөйрөк, Амро­зия, Шалах ж. б. Кыргызстанда алманын Александр апорту, Верный грушовкасы, Ак розмарин, Ток­тогул, Гареев күздүгү ж. б.; алмуруттун - Токой мөлмөлү, Кюре; кызыл өрүктүн - Король өрүгү, Арзами; шабдалынын - Эльбурс, Алтын юби­лей, Чемпион ж. б. М-тү мындан ары өнүктүрүүдө илимий изилдөөлөр чоң маниге ээ.

Ад-: Девятов А. С. Плодоводство. М., 1986.