МӨМӨЧҮЛҮК
МӨМӨЧҮЛҮК -1) а. ч-нын мөмө өсүмдүгүн өстүрүүчү тармагы; 2) мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн түзүлүшүн, өнүп-өсүү, көбөйүү, түшүм берүү ж. б. закон ченемдүүлүктөрүн үйрөтүүчү илим тармагы. М. байыртадан эле белгилүү. М. жөнүндөгү алгачкы маалыматтар Вавилон менен Ассириянын (биздин заманга чейинки 3000 жыл) жазма эстеликтеринде берилген. КМШ өлкөлөрүнүн аймагында 2-5 миң жыл илгери эле Борб, Азия (Согдиана,
Фергана өрөөнү), Закавказье (Бактрия, Армения) жана Крымда мөмө өсүмдүктөрү эгилген. Мөмө-жемиш өсүмдүктөрдүн ичинен уруктуу мөмө өсүмдүктөр (алма, алмурут, бий алма ж. б.) 71,3%, данектүү мөмө өсүмдүктөр (чие, кайналы, кызыл өрүк, гилас, шабдалы ж. б.) 22,6% , жаңгак мөмөлүү өсүмдүктөр (грек жаңгагы, бадам, мисте, фундук ж. б.) 2,5%, жер-жемиштер (кызылгат, дан куурай, барсылдак, карагат ж. б.) 2,9%, субтропик жана цитрус өсүмдүктөрү (анар, анжыр, курма, апельсин, мандарин, лимон ж. б.) 0,7%ти түзөт. Борбордук Азия менен Казакстандын түштүк бөлүгүнө КМШ өлкөлөрүндөгү кургатылган мөмө-жемиштердин (айрыкча кызыл өрүк көп) 72% и туура келет. КМШ өлкөлөрүндө чыгарылып, райондоштурулган мөмө-жемиш өсүмдүк сорттору: алманын Антоновка, Анис, Боровинка, Калвиль, Симиренко Ренети, Шафран пепини, Славянка ж. б.; алмурут сорттору - Уруксуз, Тонковетка, Ильинка ж. б.; чие сорттору - Владимир, Жуков, Люба, Гриот, Шубинка ж. б.; гиластар - Апрелька, Валерий Чкалов, Дрогана, Жабуле ж. б.; кайналылар - Венгр, Анна Шпет, Альтан Ренклоду, Мирабель ж. б.; кызыл өрүктөр - кызыл бөйрөк, Амрозия, Шалах ж. б. Кыргызстанда алманын Александр апорту, Верный грушовкасы, Ак розмарин, Токтогул, Гареев күздүгү ж. б.; алмуруттун - Токой мөлмөлү, Кюре; кызыл өрүктүн - Король өрүгү, Арзами; шабдалынын - Эльбурс, Алтын юбилей, Чемпион ж. б. М-тү мындан ары өнүктүрүүдө илимий изилдөөлөр чоң маниге ээ.
Ад-: Девятов А. С. Плодоводство. М., 1986.