МОТОРОЛЛЕР
МОТОРОЛЛЕР (немисче Мо1огго11ег, сөзмө-сөз мотордун жардамы менен жүрүүчү же скутер, англ. 1о есоо! - качып кетүү) - жеңил мопгоциклдин бир түрү. Кыймылдаткычы арткы отургучтун алдында жайгашкан. Бир цилиндрлүү, эки тактылуу ичинен күймө кыймылдаткычынын кубаттуулугу 8,2 кВтка, ылдамдыгы 95 км/ска жетет, 100 кмге 2 л май чыгымдайт. М-дун шаар
үчүн (компакттуу), туристтик (көлөмдүү, комфортабелдүү), спорттук (жарышуучу), айыл жерине (чоң дөңгөлөктүү), жол тандабаган (атайын шиналуу) түрлөрү бар.