МОТОРОЛЛЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОТОРОЛЛЕР (немисче Motorroller, сөзмө-сөз мо­тордун жардамы менен жүрүүчү же скутер, англ. to scoot - качып кетүү) - жеңил мопгоциклдин бир түрү. Кыймылдаткычы арткы отургучтун алдында жайгашкан. Бир цилиндрлүү, эки так­тылуу ичинен күймө кыймылдаткычынын ку­баттуулугу 8,2 кВтка, ылдамдыгы 95 км/ска жетет, 100 кмге 2 л май чыгымдайт. М-дун шаар

үчүн (компакттуу), туристтик (көлөмдүү, ком­фортабелдүү), спорттук (жарышуучу), айыл же­рине (чоң дөңгөлөктүү), жол тандабаган (ата­йын шиналуу) түрлөрү бар.