МУНАРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУНАРА (арабча манара - маяк, жарык) - арх­ралык курулуш. Шаар куруу ансамблдеринде М. доминанттык роль ойнойт, багыт берүүчү, ай­рыкча көнүл буруучу бийиктик катары кызмат кылат (маяк, өрт кырсыгын байкоочу, суу сак­тоочу). М. формасы адамзат тарыхынын эң ба­йыркы мезгилдеринен келип чыккан терең ма­даний-символикалык мааниге ээ, мисалы, Вавилон М-сы. Готика архитектурасында маанилүү шаар ку­РУУчу ролду соборлор менен шаардык сааты бар М-лар ойногон. Кайра жаралуу доорунан баш­тап, М-лар шаар башкармасынын имаратынын үстүнө да салына баштаган. 16-17-к-да артил­лериянын өнүгүшү менен М-лар коргонуу максат-

Брюгге шаарында­гы Белфорд мунара­сы, 1280 (1741-ж. реконструкциялан­ган). Бельгия.

тарында курулуп, бастиондор менен алмашылган. Буларга кароол дарбаза, чеп дубалдарынын үстүндө чыгып турган М-лар кирет (Москва Кремлинин М-лары). М. композициясын коң­гуроо үчүн аянтчалары бар бийик курулуштар­да - көп ярустуу кампанияларда (алар итал. базиликаларда бар), орус чиркөө архитектурасынын коңгуроо М-ларында курушкан. М. мусулман салттарына мүнөздүү азан чакыруу үчүн кызмат кылган жай катары мечит имаратынан бийик курулган. Алгач М-лардын жогору чыга турган тепкичтери сырт жагында жасалган. Египет, Ирак, Иран, Борбордук жана Орто Азиянын М-лары улам бийиктеген сайын кууш тарткан жумуру же кырдуу формада курулган. Ичи-тышы оймо­чиймеленген, капталдарынан балкондор (бас­тырмачалар) чыгарылган. Мачтадан айырмала­нып М-нын кергичтери жок, анын туруктуулу­гун негизги констр-лары камсыз кылат. Азыр­кы заманбап архитектурада бул форма ири монумент түзүүдө пайдаланылат (Париждеги Эйфелъ му­нарасы; Москвадагы Останкино телемунарасы, Шаболовка радиомунарасы), к. Бурана, Өзгөн архитектуралык комплекси.