МУНАРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУНАРА (арабча манара - маяк, жарык) - архитекту­ралык курулуш. Шаар куруу ансамблдеринде мунара доминанттык роль ойнойт, багыт берүүчү, ай­рыкча көнүл буруучу бийиктик катары кызмат кылат (маяк, өрт кырсыгын байкоочу, суу сак­тоочу). Мунара. формасы адамзат тарыхынын эң ба­йыркы мезгилдеринен келип чыккан терең ма­даний-символикалык мааниге ээ, мисалы, Вавилон мунарасы. Готика архитектурасында маанилүү шаар куруучу ролду соборлор менен шаардык сааты бар мунаралар ойногон. Кайра жаралуу доорунан баш­тап, мунаралар шаар башкармасынын имаратынын үстүнө да салына баштаган. XVI-XVII кылымдарда артил­лериянын өнүгүшү менен мунаралар коргонуу максаттарында курулуп, бастиондор менен алмашылган.

Брюгге шаарында­гы Белфорд мунара­сы, 1280 (1741-жылы реконструкциялан­ган). Бельгия.

Буларга кароол дарбаза, чеп дубалдарынын үстүндө чыгып турган мунаралар кирет (Москва Кремлинин мунаралары). Мунара композициясын коң­гуроо үчүн аянтчалары бар бийик курулуштар­да - көп ярустуу кампанияларда (алар италия базиликаларында бар), орус чиркөө архитектурасынын коңгуроо мунараларында курушкан. Мунара мусулман салттарына мүнөздүү азан чакыруу үчүн кызмат кылган жай катары мечит имаратынан бийик курулган. Алгач мунаралардын жогору чыга турган тепкичтери сырт жагында жасалган. Египет, Ирак, Иран, Борбордук жана Орто Азиянын мунаралары улам бийиктеген сайын кууш тарткан жумуру же кырдуу формада курулган. Ичи-тышы оймо­-чиймеленген, капталдарынан балкондор (бас­тырмачалар) чыгарылган. Мачтадан айырмала­нып мунаранын кергичтери жок, анын туруктуулу­гун негизги констр-лары камсыз кылат. Азыр­кы заманбап архитектурада бул форма ири монумент түзүүдө пайдаланылат (Париждеги Эйфелъ му­нарасы; Москвадагы Останкино телемунарасы, Шаболовка радиомунарасы), к. Бурана, Өзгөн архитектуралык комплекси.