МУЗЫКАЛЫК КОМЕДИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУЗЫКАЛЫК КОМЕДИЯ - күлкүлүү мүнөздөгү музыкалык-сахналык чыгарма. М. к. түшүнүгү опера­буффа, оперетта, комедиялык опера, комедия­балет, зингшпиль, водевилъ, тонадилья жана мю­зикл сыяктуу музыкалык-сахналык жанрларды мүнөз­дөөдө да колдонулат. М. к. өз алдынча жанр катары 19-к-дын аягы - 20-к-дын башында калыптанган. Опереттадан айырмаланып, М. к-да жөнөкөй ыр, элдик бий жанрларын ке­ңири пайдалануу мүнөздүү.