МУЗЫКАЛЫК КОМЕДИЯ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МУЗЫКАЛЫК КОМЕДИЯ - күлкүлүү мүнөздөгү музыкалык-сахналык чыгарма. Музыкалык комедия түшүнүгү опера-буффа, оперетта, комедиялык опера, комедия-балет, зингшпиль, водевилъ, тонадилья жана мюзикл сыяктуу музыкалык-сахналык жанрларды мүнөздөөдө да колдонулат. Музыкалык комедия өз алдынча жанр катары XIX кылымдын аягы - XX кылымдын башында калыптанган. Опереттадан айырмаланып, Музыкалык комедияда жөнөкөй ыр, элдик бий жанрларын кеңири пайдалануу мүнөздүү.