«МУСУЛМАН ЖУМУШЧУЛАР МЕНЕН ЧАЙРЫКЕРЛЕР СОЮЗУ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«МУСУЛМАН ЖУМУШЧУЛАР МЕНЕН ЧАЙРЫКЕРЛЕР СОЮЗУ» - Февралъ революциясы­нан (1917) кийин Ош уездиндеги түзүлгөн жергиликтүү жумушчулар менен айылдык кедейлердин уюму. Союз 1917-ж. жайында түзүлүп, 21-августта му­сулман депутаттар совети шайланган (төрага­сы Ю. Алиев). 31-августта ал Ош жумушчу жана солдат депутаттар совети менен бириккен. Ки­йинчерээк бул уюм Кыргызстанда Совет бийлигинин орношуна зор салым кошкон.