«МУСУЛМАН ЖУМУШЧУЛАР МЕНЕН ЧАЙРЫКЕРЛЕР СОЮЗУ»
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
«МУСУЛМАН ЖУМУШЧУЛАР МЕНЕН ЧАЙРЫКЕРЛЕР СОЮЗУ» - Февралъ революциясынан (1917) кийин Ош уездиндеги түзүлгөн жергиликтүү жумушчулар менен айылдык кедейлердин уюму. Союз 1917-ж. жайында түзүлүп, 21-августта мусулман депутаттар совети шайланган (төрагасы Ю. Алиев). 31-августта ал Ош жумушчу жана солдат депутаттар совети менен бириккен. Кийинчерээк бул уюм Кыргызстанда Совет бийлигинин орношуна зор салым кошкон.