МУЗ-ТӨР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:16, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУЗ-ТӨР - Ат-Башы р-нундагы суу. Уз. 46 км, алабынын аянты 153 км2. Торугарт кырка тоо­сунун түндүк капталындагы мөңгүлөрдөн башта­лып, тар төр менен агат; ортонку жана төмөнкү бө­лүгүнүн нугу кенен тартып, Жаманты суусуна куят. Жылдык орт. чыгымы 0,2-0,6 м?/сек. Эң көп чыгымы июль-августта, азы ноябрь-декабр­да байкалат. Апрель-сентябрда кирип, ок­тябрь-мартта тартылат. Негизинен мөңгү, кар жана булак сууларынан куралат.