МУЗ-ТӨР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МУЗ-ТӨР - Ат-Башы р-нундагы суу. Уз. 46 км, алабынын аянты 153 км2. Торугарт кырка тоосунун түндүк капталындагы мөңгүлөрдөн башталып, тар төр менен агат; ортонку жана төмөнкү бөлүгүнүн нугу кенен тартып, Жаманты суусуна куят. Жылдык орт. чыгымы 0,2-0,6 м?/сек. Эң көп чыгымы июль-августта, азы ноябрь-декабрда байкалат. Апрель-сентябрда кирип, октябрь-мартта тартылат. Негизинен мөңгү, кар жана булак сууларынан куралат.