МИРНЫЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:09, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИРНЫЙ (мурдагы Лубяной завод)- Чүй облусу Сокулук районундагы кыштак. Жаңы-Пах­та айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 595 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Соку­лук кыш-нан 38 км түндүк тарапта. Шопоков т. ж. бекетинен 40 км. Кыштак 1938-жылы негизделген. Калкы 1000 (2010); негизинен дыйкан чарбала­рында эмгектенет. Негизги мектеп, китепкана, ФАП бар. Соода жайлары иштейт.