МИРНЫЙ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МИРНЫЙ (мурдагы Лубяной завод)- Чүй облусу Сокулук районундагы кыштак. Жаңы-Пахта айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 595 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сокулук кыш-нан 38 км түндүк тарапта. Шопоков т. ж. бекетинен 40 км. Кыштак 1938-жылы негизделген. Калкы 1000 (2010); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Негизги мектеп, китепкана, ФАП бар. Соода жайлары иштейт.