МАМЛЕКЕТТИК КОНТРОЛЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:53, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАМЛЕКЕТТИК КОНТРОЛЬ - мамлекеттик, коомдук уюмдар, кызмат адамдары, жарандар тарабы­нан мыйзамдардын мамлекеттик, коомдук жана эмгек тартиптеринин сакталышына өкүлдүк, аткаруу­тескөө жана атайын контроль органдары тара­бынан жүргүзүлүп туруучу көзөмөлдүк. Алардын финансылык иштери, отчёттору, киреше-чыга­шалары ж. б. мамлекет тарабынан текшерилип турат. М. к. ар бир өлкөдө түрдүү формада жүзөгө ашырылат. Кыргызстанда М. к-ду Эсеп палатасы жүргүзөт.