МАМЛЕКЕТТИК КОНТРОЛЬ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МАМЛЕКЕТТИК КОНТРОЛЬ - мамлекеттик, коомдук уюмдар, кызмат адамдары, жарандар тарабынан мыйзамдардын мамлекеттик, коомдук жана эмгек тартиптеринин сакталышына өкүлдүк, аткаруутескөө жана атайын контроль органдары тарабынан жүргүзүлүп туруучу көзөмөлдүк. Алардын финансылык иштери, отчёттору, киреше-чыгашалары ж. б. мамлекет тарабынан текшерилип турат. М. к. ар бир өлкөдө түрдүү формада жүзөгө ашырылат. Кыргызстанда М. к-ду Эсеп палатасы жүргүзөт.