МАРРАКЕШ
МАРРАКЕШ - Марокконун борбордук бөлүгүндөгү шаар. Марракеш-Тенсифт-Эль-Ауз облусунун администрациялык борбору. Бийик Атлас тоосунун этегинде,
ЭльАуз өрөөнүндө, Тенсифт д-на жакын жерде жайгашкан. Калкы 920,1 миң (2010; калкынын саны боюнча өлкөдөгү 4-шаар). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Шаар 1062-жылы (айрым маалыматтар боюнча 1060 же 1070-жылы) негизделген. 12- к-дын аягында ири соода жана Альморавиддердин (10-11-кылым), жана Альмохаддардын (11-12-кылым) династиясы бийлик кылып турган убакта жана шериф Саадидахтардын мезгилинде Марокконун борбору болгон. М-тин архитектурасы жергиликтүү кооз таштардан курулуп, кызыл шафран менен кооздолуп, өзгөчө көрк берип турат. Шаардын эски бөлүгү айланта дубал менен курчалып, көптөгөн чеп дарбазалары (12-кылым) бар. О. кылымга таандык мавритания зодчийлигинин бай эстеликтери түштүктү көздөй созулуп, король кварталы касабасы менен (Альмохаддар негиздеген) агведаль багына (12-кылым; 2 чоң жасалма көлмө, зайтун жана мөмө-жемиш бактарынан турат) барып кошулатынча Булар Бүткүл дүйнөлүк мурастъш тизмесине киргизилген. Шаарда 11-12-к-дын архитектуралык эстеликтери (Кубба аль-Баруддийн кумпалуу павильону, Кутубий мечити, Баб-Агвенау дарбазасы), 14-16-к-дын таат-ибадат ансамблдери жана 19-20-к-дын ак сарайлары, мечит, медресе, мавзолей сакталган. Өлкөнүн түштүк бөлүгүнүн башкы экономикалык борбору. Шаардын экономикасынын негизин туристтик бизнес (2007-жылы 2 млнго жакын турист келген) түзөт. Тамак-аштатымал, текстиль, жыгаччылык ө. ж., пластмасса, цемент өндүрүшү иштейт. Кыймылсыз коммерция сектору (мейманкана, офис, соода жана кампа жайлары ж. б.) тез темп менен өнүгүүдө. Университет (1978\ институт, ислам маданияты музейи, опера театры, калк китепканасы ж. б. бар. Кустардык (килем, кездеме токуу, булгаарыдан, таштан буюм жасоо, сафьян) кол өнөрчүлүк өнүккөн. Кышкы курорттору иштейт.
