МАРРАКЕШ
МАРРАКЕШ - Марокконун борбордук бөлүгүндөгү шаар. Марракеш-Тенсифт-Эль-Ауз облусунун администрациялык борбору. Бийик Атлас тоосунун этегинде,
Эль-Ауз өрөөнүндө, Тенсифт дарыясына жакын жерде жайгашкан. Калкы 920,1 миң (2010; калкынын саны боюнча өлкөдөгү 4-шаар). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Шаар 1062-жылы (айрым маалыматтар боюнча 1060 же 1070-жылы) негизделген. XII кылымдын аягында ири соода жана Альморавиддердин (X-XI кылымдар), жана Альмохаддардын (XI-XII кылымдар) династиясы бийлик кылып турган убакта жана шериф Саадидахтардын мезгилинде Марокконун борбору болгон. Марракештин архитектурасы жергиликтүү кооз таштардан курулуп, кызыл шафран менен кооздолуп, өзгөчө көрк берип турат. Шаардын эски бөлүгү айланта дубал менен курчалып, көптөгөн чеп дарбазалары (XII кылым) бар. Орто кылымга таандык мавритания зодчийлигинин бай эстеликтери түштүктү көздөй созулуп, король кварталы касабасы менен (Альмохаддар негиздеген) агведаль багына (XII кылым; 2 чоң жасалма көлмө, зайтун жана мөмө-жемиш бактарынан турат) барып кошулат. Булар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Шаарда XI-XII кылымдардын архитектуралык эстеликтери (Кубба аль-Баруддийн кумпалуу павильону, Кутубий мечити, Баб-Агвенау дарбазасы), XIV-XVI кылымдардын таат-ибадат ансамблдери жана XIX-XX кылымдардын ак сарайлары, мечит, медресе, мавзолей сакталган. Өлкөнүн түштүк бөлүгүнүн башкы экономикалык борбору. Шаардын экономикасынын негизин туристтик бизнес (2007-жылы 2 млнго жакын турист келген) түзөт. Тамак-аш, татымал, текстиль, жыгаччылык өнөр жайы, пластмасса, цемент өндүрүшү иштейт. Кыймылсыз коммерция сектору (мейманкана, офис, соода жана кампа жайлары жана башкалар) тез темп менен өнүгүүдө. Университет (1978\ институт, ислам маданияты музейи, опера театры, калк китепканасы жана башкалар бар. Кустардык (килем, кездеме токуу, булгаарыдан, таштан буюм жасоо, сафьян) кол өнөрчүлүк өнүккөн. Кышкы курорттору иштейт.
